Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Өкмөттүн азыркы курамы отставкага кетти

Саясат
21 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
116
БШК кечээ Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгын расмий билдирген. Бул расмий билдирүүдөн кийин Садыр Жапаров мыйзамга ылайык премьерлик кызматын тапшыруу тууралуу арызын жазган. Агай ылайык Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 21-январда «Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде өкмөттүн учурдагы курамы отставкага кетти деп эсептелинет. Бирок, өкмөт мүчөлөрү жаңы курам түзүлгүчө кызматтык милдеттерин аткара берет. Жаңы курам куралып, ишке киргиче премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер Артем Новиковго жүктөлдү.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу