Курс НБ на 22.07.2018 $68,2377 €79,4389

Өкмөт башчы Таласта Айтматовдун мааракелик иш-чарасына катышат

Саясат
12 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
118
Премьер-министр Сапар Исаков Талас облусуна болгон сапары алкагында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу юбилейлик иш-чаранын ачылышына катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Иш-чара Айтматовдун туулган айылы Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында өтөт. Мындан тышкары, өкмөт башчы Манас районунун Май айылында жаңы курулган орто мектептин ачылышына катышып, Талас мамлекеттик университетинин эмгек жамааты, студенттери менен жолугушат. Белгилей кетсек, премьер-министр бүгүн, 12-январда Талас облусунда иш сапары менен жүрөт.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.