Курс НБ на 16.11.2018 $69,8492 €79,0658

Өкмөт башчы өлкө жарандарын кабыл алды

Саясат
27 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
109
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 26-июнда, өлкө жарандарын жеке кабыл алды. Жолугушууда жарандар өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле алар тараптан көтөрүлгөн маселелерди кароого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Өкмөт башчы бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынаарын белгиледи. Эске салсак,  Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин 2018-жылдын 2-жарым жылдыгына карата жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.