Курс НБ на 16.10.2019 $69,8500 €77,0865

​Көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө күчөтүлөт

Саясат
09 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
20
Баткен облусундагы Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан эки күндүн ичинде алты адам каза тапкан. Алардын өздүктөрү такталды. Кызыл-Кыядагы газга уулангандар 42, 32  жана 21 жаштагы жарандар болгон. Алардын бири Кызыл-Кыялык болсо, экөө Ноокаттын тургундары.
Ал эми Сүлүктү шаарындагы кырсыктан көз жумгандар 44, 43 жана 40 жаштагы жергиликтүү тургундар экендиги такталды. Дагы эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда абалдары канаатандыраарлык экендиги айтылууда. 
 Кадамжай районундагы кырсык шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында техникалык коопсуздук чараларына этият мамиле кылбагандан улам болгон. Ал эми Лейлек районунда болсо, көмүр казууга лицензия алган компания тараптан коопсуздук талаптары одоно бузулган.
Өкмөт жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш токтотулган тилкелерде иштөөгө эч кандай жол берилбеш керектигин, мыйзамсыз казууга жол бербөө үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдирди.  
Эми көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө күчөтүлөт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу