Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Казакстандын жаңы кыргыйлары

Саясат
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
468
Кечээ, 27-декабрда Казакстандын Аскер-аба күчтөрү беш даана жаңы Су-30СМ истребителдери менен толукталды.
Бул заманбап көп функционалдуу самолеттор күн-түн дебестен кеңири спектрдеги күжүрмөн тапшырмаларды аткарып, өлкөнүн аба мейкиндигин душмандардан коргой алат. Су-30СМ өзүнүн техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча бешинчи муундагы самолетторго жакындашат.
Орусия өндүрүшүнөн чыккан бул самолетторду өздөштүрүү үчүн казакстандык аскер учкучтары 1,5 жылдык даярдыктан өткөрүлгөн.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.