Курс НБ на 27.06.2019 $69,5988 €79,0503

​Карантиндик фитосанитардык контролдоо маселелери талкууланды

Саясат
03 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
94
1-апрелде Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Айыл чарба министри С.Омаров менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Министр С.Омаров менен Элчи Ж.Кулубаев эки өлкөнүн айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын абалы жана келечеги, ошондой эле ЕАЭБтин алкагында өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты. Ошондой эле тараптар ушул жылдын 28-февралында Астана шаарында кол коюлган карантиндик фитосанитардык контролдоо маселелери боюнча Жол картасын аткаруу боюнча пикирлер менен алмашты. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар маселелерди ыкчам чечүү  үчүн байланышта болууну макулдашты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу