Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

Каныбек Исаков Бишкектеги студенттик жатаканалардын абалы менен таанышты

Саясат
19 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
38
Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Исаков алгач Кыргыз улуттук агрардык университетинин №3, №1жатаканалары менен таанышып, айланасын кечиндеси жарыктандыруу, коопсуздукка көңүл буруу жана жатаканада жашаган ар бир студент боюнча маалымат базасын түзүү керектигин айтты.  Андан кийин  мамлекеттик медициналык академиясынын, курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Бишкек автомобиль жана жол куруу колледжинин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайынын жатаканаларынын абалын көрдү.  Жыйынтыгында өлкө боюнча ар бир окуу жайдын жетекчилигине студенттик жатаканаларын инфраструктурасын жакшыртуу: кеңейтүү, өнүктүрүү, жатаканалардын айланасын жарыктандыруу, коопсуздук камераларын орнотуу, студенттер үйүнөн түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилерин билдирди.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу