Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Кадыров Путинди төртүнчү мөөнөткө калсын деп жатат

Саясат
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
422
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Орусиянын Президенти  Владимир Путиндин 2018-жылдан кийин бийликте төртүнчү мөөнөткө калышын каалайт. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмасына жарыялаган.
Кадыровдун пикиринде, Путин Орусияда эле эмес, дүйнөдө кынтыксыз кадыр-баркка ээ. Путин Орусиянын кризистин терең сазынан чыгара алды. Ошондуктан, Владимир Путин 2018-жылдан кийин да Орусиянын Президенти болушу керек. Бул орусиялыктардын каалоосу.
Кошумчаласак, Владимир Путин 23-декабрдагы пресс конференциясында кийинки президенттик шайлоого катышар-катышпасы тууралуу чечимди өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалга жараша кабыл аларын билдирди.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.