Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

​Йозеф Блаттер

Саясат
10 - Март 2020
www.erkintoo.kg
94
Эл аралык футбол федерациясын (ФИФА) 17 жыл башкарган швейцариялык Йозеф (Зепп) Блаттер бүгүн 84 жашка толду (10.03.1936). Алгач 1998-жылы ФИФАнын 8-президенти катары шайланып, 2002, 2007, 2011 жана 2015-жылдары кайра шайланган. Бирок, 2015-жылы 2-июнда коррупциялык чыр боюнча айыпталып, алгач убактылуу кийин 8 жыл бою футбол тармагынан четтетилген. Блаттер кыргызстанга эки ирет келген. 2007-жылы 31-мартта Кыргызстандын ошол кездеги Президенти Курманбек Бакиев менен жолугушуп, “Данакер” орденин тагынып кеткен. Экинчи ирет 2014-жылы март айында келип мурдагы Президент А. Атамбаев менен жолугушкан. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.