Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Ислам террористтерин жеңүүнүн планын түзүүгө 1 айлык убакыт берилди

Саясат
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
482
Дональд Трамп президенттик кызматына киришкенден бери сегиз жарлыкка кол койду. Алардын бири ислам террористтерине каршы күрөш тууралуу.
“Ага ылайык, америкалык аскерий жетекчилер “Ислам мамлекети” террористтик тобун биротоло жок кылуу үчүн 30 күн ичинде план даярдайт” деп маалымджады “Вашингтон пост” гезити. 28-январда сөз болуп жаткан жарлыкка кол коюу учурунда президент Трамп: “Бул ИГИЛди жеңүүнун планы. Ал ийгиликтүү болот деп ойлойм. Бул өтө олуттуу тапшырма”, - деп айтты жана коргоо министри Джеймис Мэттиске коалиция үчүн өнөктөштөрдү издөөнү тапшырды.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.