Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Ишкер менен инвестордун жолугушкан жери

Саясат
10 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
23
Эртең “Дасмия” этно-комплексинде JIA бизнес ассоцияциясы төртүнчү инвестициялык форумун өткөрөт.
Буга чейинки өткөрүлгөн форумдарга Кыргызстан боюнча 2500дөн ашык ишкер катышып, BIF аянтчасында 700 бизнес долбоор инвесторлорго сунушталган. Жетишилген инвестициялык келишимдердин жалпы баасы 9,5 млн долларды түзгөн.
BIF- чакан жана орто бизнести ири ишкерлер жана ички, тышкы инвесторлор менен байланыштырган көпүрө. 
Эртең өтүүчү форумда келечектүү 100 бизнес долбоору тааныштырылып, потенциалдуу өнөктөштүккө жол ачат. Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн 1000 ден ашуун ишкердин катышуусу күтүлүүдө. “Келечек бүгүн” урааны астында өтүп, өз тармагында ийгилик жаратып, дүйнөлүк деңгээлге чыга алган эң көрүнүктүү ишкерлер тренддер жана технологиялар тууралуу талкуулашат.
Жылдыз Дыйканова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу