Курс НБ на 18.09.2020 $78,9597 €93,1961

Иса Өмүркулов өз сөзүн айтты

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
615
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери 29-сентябрдан бери Македониянын Скопье шаарында өтүп жаткан ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясына катышууда. Сессия эртең, 2-октябрда ишин жыйынтыктайт.
Сессияда сөз сүйлөгөн Иса Өмүркулов ЕККУнун адам укуктары боюнча бюросунун акыркы мезгилдеги калпыс саясаты Кыргызстанда туруктуулуктун бузулушуна жана божомолодоого болбой турган кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин эскертти.
“Кадыржан Батыров сыяктуу кылмыштуу элементтерге ЕККУда сөз берилип жаткандыгы жана ага ээн эркин жүрүүгө шарт түзгөн айрым өлкөлөрдүн позициясы биздин кыжырыбызды келтирет. Анын Варшавадагы сөзүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети катары баалайбыз. Кадыржан Батыровдун күнөөсү аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылууга өкүм чыгарылгандыгын жана ага издөө жарыялангандыгын ЕККУ жакшы билет. Кыргызстан ЕККУнун демократиялык баалуулуктарын колдойт. Бирок, анын башка мамлекеттердин ишине кийлигишкен институтка айланып,жүргүзүп жаткан кош стандарттуу саясатына каршы”, -деп айтты Иса Өмүркулов.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.