Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Ирандын президентинин Россияга визити 2017-жылдын январында болот

Саясат
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
305
Ирандын президенти Хасан Роуханинин Россияга визити 2017-жылдын7-январында болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ТАССка бул сапарга даярдыктын жүрүшү менен катыштыгы бар ишенимдүү булак билдирген.
Анын айтымында декабрдын аягында Ирандын Тышкы иштер министри Джавад Зариф Ирандын президентинин визитин даярдоо үчүн Москвага визит менен келет.
Ушул жылдын 13-декабрында ирандык Fars агентствосу Иран Ислам Республикасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Махмуд  Ваезиге шилтеме жасоо менен Роухани россиялык лидер Владимир Путиндин Москвага келип кетүү сунушун кабыл алгандыгын маалымдаган болчу. Анда визиттин мөөнөтү такталбаган  эле.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.