Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханинин Кыргызстанга расмий визити башталды

Саясат
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
383
Бүгүн 22-декабрда Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келди.
Ал эми эртең, 23-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Хасан Роухани жана Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Ирандын өз ара кызматташуусу жана анын келечегине тиешелүү маселелерди талкуулашат. Мамлекет башчылары учурдун күн тартибиндеги эл аралык жана аймактык актуалдуу проблемалар боюнча да пикир алмашышат. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн соңунда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюлат.
Сапардын жүрүшүндө Президент Хасан Роухани Кыргызстандын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен дагы жолугушмакчы. Андан тышкары, кыргыз-иран ишкерлеринин бизнес-форумунун ачылышына катышат.
Кошумчаласак, Хасан Роухани Иран Ислам Республикасынын он биринчи президенти. 2013-жылы өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда жеңишке жетишкен. Учурда 65 жашта. Ал 1948-жылдын 12-ноябрында Семнан провинциясындагы Сорхе шаарында туулган. Кум шаарындагы медресени, Тегеран университетинин юридика факультетин аяктаган. 1972-жылы Глазгодогу Каледония университетинде (Улуу Британия) докторлук даражага ээ болгон. 1980-2000-жылдары парламенттин депутаты, вице-спикери. 1992-жылдан бери Ирандын стратегиялык изилдөөлор борборун жетектеп келет.
Араб, англис, француз, немец жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн президент Хасан Роухани президент эле эмес, жогорку билимдүү, окумуштуу шиит аалымы да болуп саналат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.