Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

Инаугурация аземин журналисттер чагылдыруу үчүн республикалык телеканалдар иш-чараны түз алып көрсөтөт

Саясат
26 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
81

Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жаңы шайланган президенттин инаугурация аземиндеги журналисттерге байланыштуу кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. «Өлкөнүн шайланган президентинин кызматка киришүү иш-чарасы республикалык телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Иш-чарага негизинен катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу журналисттерди аккредитациялоо жүргүзүлгөн жок, иш-чараны онлайн чагылдыруу үчүн баардыгы жеткиликтүү болот. Инаугурация аземине алдыңкы ата мекендик ЖМКлардын жетекчилери жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү конок катары чакырылат», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу