Курс НБ на 21.05.2019 $69,8500 €77,9212

Гендердик теңчилик Сокулукта талкууланды

Саясат
20 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
119
19-декабрда Чүй облусунун Сокулук районунда  Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кезектеги жыйыны өттү. Жыйында гендердик теңчилик, аялдардын мамлекеттик башкарууга аралашуусу, өкүлчүлүк органдарга аялдардын шайланышы, ала качуу, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу сындуу маселелер талкууланды. Форумда сөз сүйлөгөн депутат Рада Туманбаева:  “Жогорку Кеңеште айым депутаттардын демилгеси менен  эрте никеге туруу, кыз ала качуу сыяктуу бир катар мыйзамсыздыктарды жоюу багытында мыйзам долбоорлору иштелип чыкты. Парламенттик-демократияга багыт алган Кыргызстан үчүн гендердик теӊчиликти камсыздоо башкы максат. Бүгүн өтүп жаткан форумдун да негизи милдеттеринин бири ала качуу, эрте никеге турууга тыюу салган мыйзамдардын жер-жерлерде аткарылуусун көзөмөлдөө болуп саналат”,- деди Рада Туманбаева.
Эң ириде энелердин ден соолугуна кам көрүшүбүз керек
19-декабрда  Сокулук районунда өткөн Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кезектеги жыйынында депутат Аида Исмаилова төрөттөн, онкологиялык оорулардан, жабык жайларда көз жумган аялдардын санын азайтуу керек экенин айтып, бул багытта токтоосуз чара көрүү зарылчылыгын белгиледи. “Бүгүнкү күндө аялзаты ала качуу сындуу салттын курманыдыгы болууда. Эрте турмушка чыгып төрөттөн көз жумгандар да бар. Дени сак улутту, саламаттыгы бекем келечек муунду тарбиялайбыз десек эң ириде энелердин, андан кийин аялзатынын ден соолугуна көңүл буруубуз керек”,-деди депутат Аида Исмаилова.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.