Курс НБ на 26.10.2020 $80,6300 €95,4498

​ФИФА: Кыргызстан 95-орунда

Саясат
18 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
77
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) футболдон улуттук курама командалардын сентябрь айына карата бедел-рейтингин жарыялады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл спорттун башка түрлөрү сыяктуу эле футболдук турнирлер да уюштурулган жок. Эл аралык жана жолдоштук беттешүүлөр жакында эле башталды. Бедел-рейтингдеги упайлар эл аралык таймаштардын жыйынтыгына жараша берилет. Көч башындагы, алдыңкы үч саптагы командалар ортосунда өзгөрүү болгон жок. Алар:
  1. Бельгия – 1773 упай
  2. Франция – 1744
  3. Бразилия – 1712 
КМШ кыйырындагы өлкөлөр ичинен Украина 24 саптагы ордун сактап калды. Россия курамасы “Улуттар лигасы” турниринде Сербия менен Венгрияны уткандан кийин 38-орундан 32-орунга көтөрүлдү. Кыргызстан курамасы 96-орундан 95-орунга чыкты.
КМШ өлкөлөрү: 
24. Украина – 1539
32 (38). Россия – 1485 (кашаанын ичинде өткөн айдын көрсөткүчү берилген)
85. Өзбекстан – 1290
87. Беларусь – 1282
89 (91). Грузия – 1274
95 (96). Кыргызстан – 1240
101 (102). Армения – 1215
108 (104). Эстония – 1188
112 (114). Азербайжан – 1179
118. Казакстан – 1156
122 (121). Тажикстан – 1148
129. Түркмөнстан – 1107
131. Литва – 1093
137. Латвия – 1076
175. Молдова - 959
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу