Курс НБ на 22.01.2020 $69,7407 €77,2797

Эртең жогорку деңгээлдеги донордук конференция өтөт

Саясат
18 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
81
 Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппаратынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди. Анын айтуусунда, аталган конференцияны өткөрүү тууралуу президенттин 2018-жылдын 1-ноябрында донорлор менен болгон жолугушуусунда айтылган. «Конференцияга өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган. Анда аймактарды өнүктүрүү, инвестициялык климат, адам капиталын өнүктүрүү маселелери, суу ресурстарын башкаруу, климат жана өзгөчө кырдаалдарда башкаруу маселелери талкууланат», - деп билдирди Иманалиев.
Президенттин аппаратынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы кошумчалагандай, Дүйнөлүк банк тарабынан аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоор даярдала башталган.
«Алгачкы долбоор 60 млн. долларга Ош облусунун аймагында ишке ашырылат. Долбоор өзүнө эки кластерди өнүктүрүүнү камтыйт: агро-өнөр-жай комплекси жана Ош облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүү. Мындай өңүттөгү долбоорлор Дүйнөлүк банк тарабынан улантылат. Андан тышкары, Жалал-Абад облусун өнүктүрүү боюнча да долбоор бар, ага 11 млн евро каралган. Маалым болгондой, быйылдан тарта Digital CASA долбоорун ишке ашыруу башталды», - деди Иманалиев.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу