Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Эрдоган Кыргызстанга келиши мүмкүн

Саясат
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
620
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган быйыл Кыргызстанга келиши мүмкүн. Бул маселени Кыргызстандын Түркиядагы  элчиси Ибрагим Жунусов Эрдогандын Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушууда талкуулады. Элчи Жунусовдун  “Азаттыкка” билдиргенине караганда, быйыл Кыргызстанда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү пландалууда. Анын алкагында  Эрдогандын Бишкекке келиши күтүлүүдө. Азырынча так датасы анык эместигин элчи Жунусов билдирген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.