Курс НБ на 24.02.2020 $69,8500 €75,5323

Эми сот болуу үчүн судья болуп иштөө шарт эмес

Саясат
02 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
465
 Бул тууралуу  Президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандагы соттордун статусу жөнүндөгү" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койгондугу тууралуу айтылат.  Мыйзамда Жогорку сотко судья болуу үчүн сот тармагында беш жылдык тажрыйба керек деген талап жокко чыгарылган. Бирок жарандык, кылмыш, административдик жана экономикалык иштер боюнча укук жаатында билими болушу керек. Өзгөчө бул окумуштуу укук таануучуларга тиешелүү. Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.
Жазүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.