Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Элчи Казакстандын Өкмөт башчысы менен жолугушту

Саясат
30 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
95
28-январда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси  Ж.Кулубаев Казакстандын Премьер-министри Б.Сагинтаев менен жолугушту.   Жолугушуу учурунда Элчи Ж.Кулубаев Казакстандын Премьер-министрине 2017-жылдын декабрь айында кол коюлган Жол картанын жана 2018-жылдын август айында кол коюлган Өкмөт аралык Кеңештин 7-чи отрумунун  Протоколунун ишке ашуусу боюнча маалымат берди. Ошондой эле эки тарап кыргыз-казак соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана регион аралык кызматташуусун өнүктүрүү маселеси боюнча пикир алмашышты. Казакстан Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевге жылуу саламын айтканын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу