Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Экономика министри Артем Новиков: «2017-жылдан башынан бери Кыргыз Республикасынын экономикасы экономикалык өсүштүн алгылыктуу динамикасын көрсөтүп келе жатат» (фото)

Саясат
31 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
75

Ал маалымдагандай КР Улуттук статистикалык комитетинин болжолдуу баасына караганда 2017-жылдын январь-сентябрь айларында ИДП көлөмү 335,0 млрд сомго жетип, реалдуу өсүү темпи 105,0 % болгон. 2016-жылдын январь-сентябрь айларында аталган көрсөткүч 101,5 % түзгөн эле.

«Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында өзгөчө өнөр жай секторунда жана айыл чарба тармагында реалдуу өсүү 0,8 %, курулушта  –  5,2 %, өнөр жайда – 21,2 %, тейлөө тармагында –  0,8 % жогорулаган», – деди Артем Новиков.

2017-жылдын  январь–сентябрь  айларында республика боюнча  158,1 млрд.  сомдук айыл чарба азыктары чыгарылган. 2016-жылдын январь-сентябрь айларына карата өсүү темпи 100,8 %, мал жандыктарын багууда – 102,1 % (70,1 млрд сом), өсүмдүк өстүрүүдө – 99,8 % (84,0 млрд сом) түзгөн.

Айыл чарба тармагынын ИДП кошкон салымы 0,12% бааланууда, ИДП өндүрүмдүн үлүшү 14,6 % жетти.

2017-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба азыктарынын өндүрүмдүүлүгүнүн көлөмү мал жандыктарын көбөйтүүнүн 2,1% өсүшүнөн улам, жогорку натыйжаны көрсөттү.

Экономика министри ошондой эле 2017-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан жалпы суммасы 161 млрд сомдук өндүрүмдүүлүк болуп, бул көрсөткүч 2016-жылдын ушул мезгилиндеги жыйынтыкка караганда  20,7 % көп болуп эсептелет. ИДП өнөр жай түзүмүндөгү үлүшү 18,7 % түздү.

Анын айтымында чарбалык субъекттердеги өнөр жай азыктары менен камсыз кылуусундагы реалдуу көлөмү Баткен (107,6 %), Жалал-Абад (151,9 %), Ысык-Көл (115,3 %), Ош (105 %), Талас (112,9 %), Чүй облустарында (117,1 %) жана Бишкек (103,2 %), Ош шаарларында (111,2 %) жетсе, Нарын облусунда (99,8 %) түздү.

Мындан сырткары Артем Новиков баса белгилегендей, 2017-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасындагы тышкы товар жүгүртүүнүн көлөмү   3888,4 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,1% жогорулаган. Товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 28,5%, импорт – 71,5 % болгон. Соода балансындагы тартыштык 2017-жылдын январь-сентябрь айларына -1675,6 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  0,9 % төмөндөгөн.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу