Курс НБ на 18.09.2020 $78,9597 €93,1961

Депутат Гүлшат Асылбаева айлык маяна тууралуу кечирим сурады

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
558
Жогорку Кеңештин  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын  депутаты Гүлшат Асылбаева айлык-маяна тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим сурады. Ал  өзүнүн Facebook баракчасында “мен чындап эле бизнес чөйрөсүндө мындай маяна жок экенин айтып, коммерциялык мекемелер өздөрүнүн айлыктарын көрсөтүшпөйт деп билдиргем. Эгерде алар айлыктарын ачык көрсөтсө, ишкерлердин да укугу корголуп, бюджетке көбүрөөк киреше түшмөк,” – деп жазган. Белгилүү болгондой 29-сентябрда депутат айым  ЖКнын комитет жыйынында Кыргызстанда 9 миң сомдон аз айлык алгандар бар экенине таң калып айткан сөзү коомчулукта талкууну жараткан.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.