Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Дагестанда жыл башынан бери 600дөн ашык экстремисттик сайттар жабылды

Саясат
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
396
Терроризмге каршы күрөшүү боюнча комиссиянын отурумунда Дагестандын прокурору Рамазан Шахнавазов маалымдагандай, республиканын прокуратурасы бир жыл бою Интернет тармактарына мониторинг жүргүзүүнүн учурунда экстремизмге жана терроризмге чакырыктар камтылган жүздөгөн сайттарды таап чыкты.
“Текшерүүнүн материалдары боюнча 485 маалыматтык ресурстарга (Интернет тармактарына) кирүүгө чектөөлөр боюнча чаралар көрүлдү. Алсак, “Ирактын жана Левантанын Ислам мамлекети” тобунун декларациясы жана “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун идеологиялык таанымдары камтылган материалдар жайгаштырылган ресурстар жабылды”, - деди Шахнавазов.
Азыркы күндө Роскомкөзөмөлдө 250 медиаресурстарды пайдаланууга чектөө киргизүү тууралуу маселе каралууда.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.