Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

Циндао эстафетаны Бишкекке тапшырды

Саясат
11 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
24
10-июнда Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташуу уюмунун кезектеги саммити аяктады жана ага Индия менен Пакистан уюмдун толук кандуу мүчөлөрү катары алгач ирет катышты.
Саммит ири порт жана өнөр жайлык хаб болуп саналган Циндао шаарынын Эл аралык конгресс-борборунда өттү.
Эске салсак, ШКУ 2001-жылы уюшулган жана ага алгач Россия, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирсе, 2017-жылы анын катарына Пакистан менен Индия кошулуп эң ири уюмга айланды. Монголия, Иран, Афганистан жана Белоруссия уюмдун байкоочулары. Армения, Азербайжан, Түркия, Камбоджа, Непал жана Шри Ланка өлкөлөрү да уюм менен өнөктөш болууга дилгир өлкөлөр экендигин эскерте кетели. ШКУнун катчылыгы Пекинде, регионалдык антитеррористтик түзүмү Бишкекте жайгашкан.
Россиянын президенти Владимир Путин саммитте уюмдун азыркы курамын оптималдуу деп атады. Ал эми кызматтык мөөнөтү аяктаган ШКУнун генкатчысы Рашид Алимов Пакистан менен Индиянын уюмга кошулушун бирикменин түгөнгүс мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана кызматташууну өнүктүрүүгө жасалган маанилүү кадам деп баалады.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ дүйнөдөгү эң ири аймактык уюмга айлангандыгын, ал 3 миллирддан ашык эли бар Евразия аймагынын 60%ын өзүнө камтырын баса белгиледи. Анын пикиринде уюмдун географиялык чектери эле кеңейбестен, жооперчилиги да жогорулады.
Циндао жолугушуусу “Чоң жетиликтин” Канададагы саммити менен удаа өткөндүгү да дүйнөдө зор кызыгуу жаратты. Бул бирикмеге өнүккөн ири жети өлкө кирет жана алтоосу НАТОнун мүчөлөрү болуп саналышат.
Ал эми ШКУнун негизги кызыкчылыгына аймактык коопсуздукту камсыздоо кирсе, азыр уюм саясий жана экономикалык кызматташууларга да өзгөчө көңүл бура баштады. Ошондуктан, эксперттер аны НАТОнун евразиялык атаандашы деп аташууда.
Саммиттин жыйынтыгы
Циндао саммитинин жыйынтыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан 20дан ашык документке колдор коюлуп, жыйынтыктоочу Циндао декларациясы кабыл алынды.
Мамлекет башчылары кеңешинин бул жолку жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин уюмдун мүчөлөрү соода протекционизмине каршы турушат жана көп тараптуу тунук, басым-кысымы жок жок соода системасын колдошот деп билдирди.
Саммитте мамлекет башчылар кеңеши Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри Владимир Норовду 2019-жылдын 1-январынан 2021-жылдын-31-декабрына чейин ШКУнун генералдык катчылыгына дайындады.
 Ал жаңы кызматында Тажикстандын өкүлү Рашид Алимовду алмаштырды.
Ал эми 2019-жылдын 1-январынан тарта Шанхай кызматташуу уюмуна төрагалык кылуу милдети Кытайдан Кыргызстанга өтөт.
2019-жылдын саммити
Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө мамлекет башчылар кеңешинин кийинки саммити 2019-жылы 14-15-июнда Кыргызстанда өтө турган болду. Си Цзиньпин келерки саммитке даярдык көрүүгө Кытай кол кабыш кылат деди.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу