Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

Чолпон-Атадан кийин сапар Сахалинге уланды

Саясат
14 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
661
Апта мурда Чолпон-Ата шаарында аяктаган Экинчи Бүткүл дуйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коногу болгон Голливуд жылдызы Стивен Сигал ушул тапта Орусиянын Түштүк Сахалин облусунда өтүп жаткан “Аалам кыйыры” (“Край света”) деп аталган Эл аралык кинофестивалына катышууда.

Бүгүн, 14-сентябрда ал журналисттер менен болгон жолугушууда келечекте Орусиянын жарандыгын кабыл алуу ниети бар экендигин билдирди.

Америкалык актер жана продюсер Стивен Сигалдын айтымында, ага Орусия абдан жагат, анткени бул өлкөнүн маданияты бай жана бизнес жүргүзүүгө да ыңгайлуу. Анын үстүнө Сахалин Японияга да жакын турат. Стивен Сигал Сахалинде 17-сентябрга чейин болот.
Кошумчаласак, буга чейин дүйнөгө белгилүү француз актеру Жерар Депардье Орусиянын жарандыгын кабыл алган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.