Курс НБ на 27.05.2019 $69,8500 €78,1272

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында кырдаал турукташты

Саясат
14 - Март 2019
www.erkintoo.kg
67

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан эки тараптан тең жабыр тарткандар бар. Азыркы учурда чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

"Учурда эки өлкөнүн чек арачылары, облус башчылары, жергиликтүү укук коргоо органдары Баткен районундагы Ак-Сайда жана Төрт-Көчөдө жабылган жолдорду ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө" деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында. Эске салсак, 13-март күнү күндүз, саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргытышкан.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу