Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

Бюллетендер даяр!

Саясат
25 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
52

Кечээ, 24-сентябрь күнү "Учкун" акционердик коому парламенттик шайлоо үчүн даярдалган бюллетендерди БШКга өткөрүп берди. БШКнын маалыматына караганда  "Учкун" ишканасы 3 млн 523 миң 532 шайлоо бюллетенин даярдаган. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Брайль шрифти менен 5 миң 928 бюллетень, участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары үчүн протоколдор даярдалган. Автоматтык эсептөө кутулары окуй алышы үчүн бюллетендерге атайын коргоочу боек түшүрүлгөн. Даяр бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү. Ал эми Ччет жердеги шайлоо тилкелерине 32 миң 580 бюллетень жөнөтүлөт.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу