Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

БУУнун Башкы катчысы Президенттикке аттанабы?

Саясат
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
418
БУУнун Башкы катчысы кызматында 10 жыл иштеген Пан Ги Мун «келечекте» Түштүк Кореяда өтчү президенттик жарышта ат салышуусу мүмкүн. Түштүк Кореяда өлкө президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыяланып, 9-декабрда парламент аны колдоп берди. Эми бул маселе качан териштирилип бүтөөрү али белгисиз. Бирок Түштүк Кореяда президентикке талапкерлер жөнүндө сөз боло баштады. Алардын бири жакында БУУнун Башкы катчысы кызматында иштөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ишин тапшырчу Пан Ги Мун. Ал БУУда 10 жыл иштеп жетиштүү тажрыйба топтогонун жана өз өлкөсүнө барып жердештери менен жолугушкан соң чечим кабыл алаарын билдирген. Пан Ги Мун 2004-жылдын январынан 2006-жылдын декабрына чейин Түштүк Кореянын тышкы иштер министри болуп иштеген.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.