Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Британ парламенти Brexit боюнча өкмөттүн планын колдоду

Саясат
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
425
Британия парламенти Европа Биримдигинин курамынан чыгуу (Brexit) жөнүндөгү өкмөттүн кадамдык пландарын колдоого алды. “Би-Би-Си” билдиргендей, бул үчүн “макул” болуп 448 депутат добуш берип, 75и каршы болгон.
Ошентип, Brexit менен байланыштуу Брюссель менен сүйлөшүүлөр 2017-жылдын мартынын аягынан кечиктирилбестен башталат. Анткени, 2016-жылдын июнунда болуп өткөн референдумда Улуубританиянын жашоочуларынын көпчүлүгү (51,9%ы) ЕБнын курамынан чыгууну колдоп добуш беришкен. Ноябрдын башында Лондондун Жогорку соту парламенттин жактыруусу болмоюнча өкмөт Лиссабон келишиминин 50-чү беренесин аракетке келтирүү (Brexi жол-жобосун баштоого жол ачуучу) жөнүндө жарыя кыла албайт деп токтом кылган болчу.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.