Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Бишкекте Кыргызстан Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын парламентинин 80 жылдыгына, Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат

Саясат
10 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
143

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда бүгүн, 10-декабрда Бишкекте, Кыргызстан Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын  парламентинин 80 жылдыгына, Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференциянын ачылыш аземи болуп, анда Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.

Конференцияда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Джумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы адам укуктары боюнча координациялык Кеңештин төрагасы Жеңиш Разаков, БУУнун туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Юкие Мокуо, Акыйкатчы Токон Маматов чыгып сөз сүйлөштү.

Конференциянын катышуучуларына БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары Мишель Бачелет видео кайрылуу жолдоду.

Андан ары конференция өз ишин пленардык сессия форматында улантты.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.