Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Бишкек —Ош —Бишкек багыты боюнча бүгүн да каттамдар учпайт

Саясат
10 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
37

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек —Ош —Бишкек багыты боюнча бүгүн, 10-октябрга белгиленген каттамдары учпайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги билдирди. Бул каттамга билет алгандар авиациялык эрежеге ылайык, билеттерин алмаштырса, же каражаттарын толук кайтарып алса болот. Эске салсак, кечээ да техникалык себептерден улам «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда бул каттамдар учкан эмес. Ага техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылган.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу