Курс НБ на 24.02.2020 $69,8500 €75,6266

Бүгүн Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт

Саясат
12 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
31

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 12-февралда туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук комитетине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт.

Жыйында инвестицияларды коргоонун абалы жана бизнес субъекттердин укуктарын коргоо, экономикалык иштердин криминалдашуусунун укуктук аспекттери, бизнести коргоо тармагында укук органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышы талкууланат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн бизнес-коомдун өкүлдөрү катышат. Комитеттин жыйынынын жыйынтыгында ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууга жана өлкөнүн инвестициялык дараметин жогорулатууга багытталган чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу