Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Бүгүн , 19-декабрда АКШда шайлоочулар коллегиясы АКШнын президентин шайлоо үчүн добуш беришет

Саясат
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
285
Бүгүн шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү бардык штаттардын борборлорунда жана Колумбия федералдык округунда АКШнын президентин шайлоо боюнча добуш беришет. Анын натыйжалары мурда эле белгилүү болгон: 8-ноябрдагы шайлоодо Дональд Трамп 306 шайлоочунун, а анын атаандашы Хиллари Клинтон 232 шайлоочунун колдоосун алган. А  шайлануу үчүн 270 добуш талап кылынат.
АКШдагы шайлоолор  түз өтпөйт: 8-ноябрдагы добуш берүү күнүндө шайлоочулар талапкерлердин бирине добушун берүү менен иш жүзүндө бул талапкерди көрсөткөн партиянын шайлоочулар коллегиясынын мүчөсү үчүн добуш беришет. Шайлоочулар коллегиясы жалпысынан 538 адамдан турат жана ар бир штатта  бул штаттын конгрессмендеринин жана сенаторлорунун жалпы санына жараша түзүлөт. Ал эми штат статусу жок Колумбия федералдык округу коллегияга үч шайлоочусун жөнөтөт.
Шайлоочулар коллегиясынын добуш берүүсүн өткөрүү мөөнөтү федералдык мыйзамда так аныкталган - декабрдын экинчи шаршембисинин биринчи дүйшөмбүсү болуп бекитилген. Добуш берүү убактысы ар бир штатта ар түрдүү - жергиликтүү убакыт боюнча саат 9.00дөн 15.00 аралыгында өтөт.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.