Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Беш өлкө президенттери Санкт-Петербургда жолугушат

Саясат
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
369
26-декабрда Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин отуруму жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт.
ЖЕЭКтин отурумунда Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын лидерлери ЕАЭБдин эки жылдык ишмердигинин жыйынтыгын чыгарышат. Жыйындын негизги окуясы ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндөгү Келишимге кол коюу болуп калмакчы. Андан тышкары, бир катар маанилүү көп тараптуу документтерге кол коюлат. Мамлекет башчылары 2017-жылга бирикменин эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын бекитишет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.