Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Батышка жагыш кыйын

Саясат
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
484
4-декабрдагы шайлоодо жеңишке жетишкен Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев куттуктоолорду кабыл алууда. Си Цзиньпин, Алмазбек Атамбаев, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин алгачкылардан болуп куттук айтышты. Назарбаев жаңы президент Өзбекстанда масштабдуу кайра курууларды баштайт десе, Рахмон Өзбекстан менен Тажикстандын өз ара мамилеси оңолоруна ишеним артууда. Владимир Путин инагурациядан кийин Шавкат Мирзиёевди расмий сапар менен Орусияга келип кетүүгө чакырды.
Ал эми Reuters агенттигинин маалыматына таянсак, баягы эле Батыш өлкөлөрү Өзбекстанда президенттик шайлоо адилет өткөн жок деп долулукту карматууда.
13 жыл Өкмөттү жетектеген 59 жаштагы Мирзиёев бул шайлоодо 88,61% добуш алды. Бирок, ОБСЕ (ЕККУ) шайлоо прцесси ачык болгон жок деген пикирде. “4-декабрдагы шайлоо системанын сакталып калган кемчилигин ачык көрсөттү. Мыйзамдык база демократиялуу шайлоолорду өткөрүүгө шарт түзбөйт” деп айтылат уюмдун отчетунда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.