Курс НБ на 24.04.2019 $69,7009 €78,4240

Бакыт Төрөбаев АКШнын элчиси Дональд Лу менен жолугушту

Саясат
12 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
43
11-апрелде Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу менен жолугушту.  “Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн АКШнын Өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирем. Берилген жардам мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоого жана өлкөбүздүн демократиялык негиздерин курууга зор салым кошту. Айрыкча, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) менен болгон кызматташтык өз жемишин берип келүүдө. Мындан ары да эки өлкөнүн достук мамилеси жигердүү уланат деген ишеничтемин”, – деди депутат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу