Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Бакуда ТүркПАнын жаңы имараты ачылды

Саясат
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
383
Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кечээ, 22-декабрда Азербайжандын борбору Баку шаарында ТүркПА Катчылыгынын жаңы имаратынын расмий ачылышына катышты.
Чыныбай Турсунбеков жаңы имараттын ачылышы түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүүгө, бир туугандык мамилелерди чындоого шарт түзөт деген оюн билдирип: “ТүркПА саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташууларды чыңдоого багытталган парламенттик демократиянын мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүдө”, - деп айтты.
Жаңы имараттын ачылышына катышкан түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилерин Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев кабыл алды. Парламенттик делегациялар Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин бейитине гүл коюшту.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.