Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Алиев 55 жашта, бирок ал эми жаш президент эмес

Саясат
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
425
24-декабрда 55 жашка толгон Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев жакынга чейин КМШдагы эң жаш президент катары эсептелип келген. Азыр бул сыймыктуу даража Молдованын президентине өттү.
Ильхам Алиев учурда үчүнчү президенттик мөөнөтүн өтөп жатат. Ал 2003, 2008 жана 2013-жылдардагы президенттик шайлоолордо жеңишке жетишкен. 2009-жылы өткөн референдумда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Азербайжанда бир эле адам президенттикке эки жана андан көп жолу шайлана алат.
24-декабрда Иьхам Алиевди туулган күнү менен Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев куттуктады.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.