Курс НБ на 26.01.2021 $84,8000 €102,9302

Александровкадагы бала бакчалар мамлекетке кайтарылат

Саясат
06 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
85

Москва райондук прокуратурасы тарабынан арыздын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында жайгашкан үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

Атап айтканда, бала бакчалар 1995-1997-жылдары Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Александровка айыл өкмөтүнүн жана «Дружба» айыл-чарба өндүрүш кооперативинин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 Жарлыгынын талаптарын бузуу менен сатылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты райондук прокуратуранын КЖБРне катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Москва РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылган. Аталган бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу максатында Чүй облусунун административдик сотуна жана Москва райондук сотуна Москва райондук мамлекеттик администрациясынын, Александровка айыл өкмөтүнүн буйруктарын жана бала бакчаларды сатуу-сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө 6 доо арыз келтирилди.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу