Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Алдыңарга чоӊ максаттарды койгула

Саясат
26 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
156
«Алдыңарга чоӊ максаттарды койгула. Аракет кылгыла. Ошондо гана ийгилик болот!», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда республиканын бардык областтарынан келген балдар үчүн коюлган жаңы жылдык балаты майрамында. Мамлекет башчысы балдар менен бирге жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Сыйкырдуу түш» аттуу театрлаштырылган оюн-зоок программасын көрдү. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков каармандарынын бири менен тогуз-коргоол улуттук оюнун ойноду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.