Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

Ала-Арчадагы жолугушуу он жылдык кызматташууга жол ачты

Саясат
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
558
Жергебизге расмий сапар менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханинин 23-декабрда таң эрте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы сампарлап жааган ак карлуу ажайып көрүнүшү менен тосуп алды.
Иран лидери менен жылуу учурашкан Президент Алмазбек Атамбаев чектелүү курамдагы жолугушуунун башталышында: “Сиз менен кыргыз жергесинде жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, коопсуздук маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк алганыма кубанычтамын”, - деп айтты.
Ал эми жооп кайтарган Президент Хасан Роухани: “Бүгүн биз кыргыз элинин мейманы болгонубузга чексиз кубанычтабыз. Биздин бул жолку сапарыбыз эки өлкөнүн ар тараптуу карым-катнашын өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна ишенем”, -деди.
Мына ушундай жылуу пикир алмашуулардан кийин сүйлөшүү эки тараптын делегациялары катышкан кеңири курамда улантылды.
Алгач сөз алган Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Ирандын байыртадан эле достук мамилеси, тарыхый жана маданий байланыштары болгондугун баса белгилеп: “2017-жылдын май айында эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 25 жыл толот. Бул эки тарап үчүн да маанилүү дата. Анткени, ушул кыска убакыт аралыгында биз бири-бирибизге ишенимдүү өнөктөш экендигибизди далилдей алдык. БУУнун жана ШКУнун алкагында ийгиликтүү кызматташып жатабыз. Кыргызстан Ирандан эл аралык санкциялардын алынгандыгына чоң кубанычта жана бул жагдай кыргыз-иран кызматташтыгына кеңири жол ачат”, -деди жана Иран Президенти менен көзмө-көз сүйлөшүү учурунда олуттуу маселелер талкууланып, соода-экономикалык багытта кызматташууларды жандандыруу макулдашылгандыгын кошумчалады.
“Биринчи кезекте эки өлкө ортосунда виза режимин жеңилдетүү зарыл. Бул маселени чечүү үчүн иштиктүү сунуштарды берүү эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелерине тапшырылды”, - деген Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, энергетика тармагында кызматташуу келечектүү багыттарды бири болуп калчудай. Кыргызстанда гидроэнергетикалык потенциалдын чети оюлбай турат. Ошондуктан, Иран өлкөсү ГЭСтерди курууга абдан кызыкдар. Ал эми Кыргызстан айыл чарба, кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы, транспорт жана коммуникациялар жаатында да алака-мамилени күчөтөлү деген ниетин билдирди.
“Эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачуу зарыл. Тышкы иштер министрликтери бир ай ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштарын берсе, ишкерлердин карым катышына, туристтердин агымына жол ачылат”, - деди Мамлекет башчысы.
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан учурда экономикалык, соода-сатык жүргүзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Ирандык инвесторлор Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачуу менен Еврошериктештик тарабынан биздин өлкөгө берилген жеңилдетилген режимден пайдаланышса болот.
Кошумчаласак, Кыргызстанда 110 ирандык жана биргелешкен ишкана катталган. Алардын 70%дан ашыгы чийки заттарды жана даяр продукцияларды экспорттоо, импорттоо менен алектенсе, 30%ы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруу жана транспорттук ташуулар жаатында иш жүргүзөт.
Албетте, учурда эки тарапты да дүйнөдө диний радикализдин жана экстремисттик аракеттердин өрчүп бараткандыгы кооптондурат. Кыргызстан терроризмдин бардык түрүн айыптайт жана ага дүйнө өлкөлөрү менен биргелешип каршы туруу зарыл деп эсептейт. Аймактык коопсуздук темасына токтолгон Президент Алмазбек Атамбаев ушундай оюн кошумчалап: “Терроризмди кайсыл бир улутка же динге таандык кылып таңуулоого, исламофобияга жол берүүгө болбойт”, - деди.
Кыргызстан үчүн Иран менен маданий - гуманитардык багытта да кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирген Мамлекет башчысы сөзүнүн аягында эки тараптуу кызматташуунун жандандыруу боюнча кардиналдуу кадамдар жасалып, 10 жылга эсептелген кызматташуу программасы кабыл алынгандыгын билдирди. Бул узак мөөнөттүү программа кыргыз-иран мамилеринин туруктуу өнүгүүсүнө негиз болуп калат.
Ал эми Президент Хасан Роухани өз кезегинде Иран бардык мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин чыңдалышына кызыкдар экендигин белгилеп: “Бүгүн биз визалык режимди жеңилдетүү, келечекте таптакыр эле алып салуу тууралуу макулдаштык. Андан сырткары, тарифтер, соода-сатык жүргүзүүдөгү жеңилдиктер маселесин талкууладык”, - деди. Ал ошондой эле Иран инженердик-техникалык багытта Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр экендигин, Перси булуңундагы өлкөлөр менен байланыштыруучу темир жол куруу демилгесин колдоорун жана транзит маселесин өзүнчө талкуулоого даярдыгын кошумчалады.
Терроризмге каршы күрөшүү башкы маселе деп эсептээрин айткан Хасан Роухани: “Бул багытта Ирандын зор тажрыйбасы бар жана Кыргызстанга жардам берүүгө даярбыз” – деп сөзүн жыйынтыктады.
Кенири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттердин катышуусунда бир катар документтерге кол коюлду. Алардын ичинен эки өлкөнүн маданият министрликтеринин ортосундагы маданий алмашуулар боюнча үч жылдык программаны да белгилөөгө болот.
Кол коюу аземинен соң Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Хасан Роухани жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.
Президент Алмазбек Атамбаев: “Биздин өлкөлөр ортосунда саясий жактан эч кандай пикир келишпестиктер жок. Эл аралык маанидеги маселелер боюнча да позицияларыбыз абдан окшош. Ал эми бүгүн кабыл алынган 2016-2026-жылдарга узак мөөнөттүү кызматташуу программасы биздин алака-мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөт”, - деди жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран темир жолун куруу темасын алдыда болуучу Өзбекстан менен Кытайга сапарларынын учурунда аталган өлкөлөрдун жетекчилери менен талкууларын кошумчалады.
Өз кезегинде Ирандындын Президенти Хасан Роухани жылуу кабыл алгандыгы үчүн кесиптеши Алмазбек Атамбаевге ыраазычылыгын билдирип: “Кыргызстандын саясаты – көз карандысыздыктын саясаты, бул абдан маанилүү жана биз Кыргызстандын позициясын ар дайым урматтайбыз”, - деди жана эл аралык уюмдардын алкагында Иранга колдоо көрсөтүп жаткандыган кошумчалады.
Күндүн экинчи жарымында Ирандын президенти Хасан Роухани Кыргызстандын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.
“Сиздин сапарыңыз эки өлкөнүн саясий турмушундагы маанилүү окуя. Сапарыңызды утурлап ишкер чөйрөлөрдүн катышуусунда бизнес-форумдун өтүп жаткандыгы да орундуу болду жана ал өнөктөштүк алака-мамиле түзүүгө, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болот деп ойлойм. Кыргыз Өкмөтү Сиздин сапарыңыз учурунда жетишилген макулдашууулардын баарын жүзөго ашырууга болгон күч аракетин жумшайт”, - деди Сооронбай Жээнбеков
Өз кезегинде Хасан Роухани: “Биздин саясат жакынкы кошуна өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен да достук мамилелерди чыңдоого багытталган. Президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылы Иран Ислам Республикасына расмий сапар менен баруусу эки тараптуу мамилелердин бекемделиши үчүн абдан маанилүү болду”, - деп жооп кайтарды.
Тараптар соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиялардын ишмердиги тууралуу да пикир алмашышты. Акыркы он жыл аралыгында өкмөттөр аралык комиссиялар 11 ирет жолугушкандыгын кошумчалай кетели.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ирандык спорттук делегациянын Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, бул сыяктуу иш-чаралар элдердин жакындашуусуна , достук мамлилелердин чыңдалышына өбөлгө болорун кошумчалады. Эске салсак, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ирандын спорт жана жаштар министринини орунбасары Голамреза Шабанибахар жетектеген 55 адамдан турган спорттук делегация катышкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.