Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

АКШ Японияга акыркы 44 жылдан бери эң ири аймакты кайтарып берди

Саясат
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
391
Анткен менен Окинаванын жашоочулары төрт миң гектар жердин кайтарылышы жетиштүү эмес деп эсептешет.
 АКШнын куралдуу күчтөрү Японияга буга чейин машыгуу үчүн колдонуп келген аймакты кайтарып берүүгө даяр экенин жар салды. Бул туурасында РИА Новости Киодо агенттигине шилтеме кылып билдирди. Сөз болуп жаткан жердин аянты төрт миң гектарга жакын, бул АКШ Окинава аралын кайтарып берген 1972-жылдан берки эң чоң аймак болуп саналат. Агенттик мунун ордуна ошол эле районго тик учактар учуп-коно турган алты аянтча курулгандыгын кабарлады. Акыркы маалыматтарга караганда, ал америкалык Osprey конвертопландар үчүн каралган. Мындай техникалар жакында эле Окинава аралдарынын жээгине кулап, жергиликтүү элди бир топ түйшөлткөн. Osprey тик учактарын префектурадан чыгарууга жетишкен Окинава губернатору Такэси Онага жерди өлкөсүнө кайтаруу иш-чарасына катышпай тургандыгын билдирди. Аймак Күн Чыгыш өлкөсүнө кайтарылганы менен Окинавада АКШнын аскер объектилеринин 70 пайызы жайгашкан. Аталган префектуранын администрациясынын маалыматына караганда, аралда 26 миң америкалык аскер кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү жана АКШнын жай жарандарынан турган 19 миң адам жашайт. Анткен менен аралдын жашоочулары төрт миң гектар жердин кайтарылышы жетиштүү эмес деп эсептешет. Буга чейин япондор америкалык аскерлердин ишмердүүлүгү жана алардын аталган аймакта жасаган кылмыштары боюнча нааразылыктарын бир нече ирет билдиришкен. Жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болгон губернатор Онага Окинавадагы АКШ аскерлеринин санын кыскартууну талап кылып келет.
Булак: Sputnik
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.