Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

АКШ Орусияга карата санкцияларын кеңейтти

Саясат
02 - Сентябрь 2016
Админ
610

АКШ Орусиянын Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жаткандыгына жана 2014-жылы Крымды аннекциялап алгандыгына байланыштуу киргизилген санкциялык тизмеге дагы 37 адамды жана компанияларды киргизди. Документте ошондой эле АКШ Крымда иштеп жаткан бир канча орусиялык компанияны, анын ичинде Орусия менен жарым арал ортосундагы көпүрө курулушуна катышкан «Мостотрест» жана «СГМ-Мост» фирмаларын кара тизмеге киргизгени көрсөтүлгөн. Андан сырткары санкциялар Украинанын чыгыш бөлүгүндөгү жикчилдердин алты өкүлүнө жана Крымдагы 11 аткаминерге карата киргизилди.

 Жазгүл Кенжетаева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу