Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Адольф Гитлер наркоман болгонбу?

Саясат
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
578
Жакында британиялык тарыхчы Норман Олердин “Улутчул Германияда наркозаттарды колдонуу” деп аталган китеби жарык көрдү. Андагы маалыматтар боюнча жалгыз эле Гитлер эмес, Үчүнчү Рейхтегилердин баарысы наркомандар болушкан.
Би-Би-Си радиосунун “Бүгүн” программасына маек курган Норман Олер бул маалыматтар Гитлердин жеке врачы Тео Морель калтырган жазмаларда сакталган дейт. Алар менен АКШнын Улуттук архивинен жана Германиянын Федералдык архивинен таанышууга болот. Гитлердин медтаржымалында ал адегенде гормондор менен стероиддерди колдонгондугу, 1943-жылдан тарта опиаттарды, айрыкча касиети боюнча героинге жакын юкодал препаратын сайдырганы тууралуу жазуулар бар.
Норман Олердин айтымында, 1940-жылдын 10-майында Францияга кол салаар алдында немец жоокерлерине 35 миллион доза первитин препараты берилген. Бул наркозат метамфетамин деген аталыш менен белгилүү.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.