Курс НБ на 22.01.2021 $84,5260 €102,5512

90 кишиден коронавирус табылды

Саясат
17 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
182

Кыргызстанда акыркы суткада  90 кишиден коронавирус табылды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда маалымдады. Анын айтымында, жаңы жуктурган учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

"Жаңы катталган учурдун ичинен 36сы Бишкек шаарынан, 29у Чүйдөн. Мындан сырткары Ош шаарынан жети, Ош облусунан алты, Талас облусунан алты, Баткенден үч кишиден коронавирус табылган", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны ушуну менен 2562ге жетти.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.