
Курс НБ на 25.02.2021 $84,6179 €102,9631

2020-жылы 825 528 паспорт даярдалган
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик персонификациялоо борбору 2020-жыл ичинде 825 528 паспорт даярдап чыгарган. Мында жалпы жарандык, дипломаттык, кызматтык, ошондой эле 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-карталар кирген. Ал эми миллионунчу биометрикалык паспорт Кыргызстанда 2019-жылдын 14-январында берилген. Эки миллионунчу ID-картаны берүү 2021-жылдын февраль айында күтүлүп жатканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек