Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

2017-жылы АКШ 50 миң гана качкын кабыл алат

Саясат
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
485
Президент Трамп белгисиз мөөнөткө АКШнын аймагына сириялык качкындарды кабыл алуунун токтотууга буйрук берди. Ал ошондой башка өлкөлөрдүн качкындарын да 120 күнгө чейин кабыл албайсыңар деген талап койду. Мындай буйруктар “Экстремалдык тандоо жөнүндөгү” жарлыкта камтылган. Трамптын айтымында, жарлыктын максаты өлкөгө “радикалдуу мусулман террорчуларын” киргизбөөнү көздөйт. Жарлыкка ылайык, АКШ 2017-жылы 50 миң гана качкынды кабыл алат.
Кошумчаласак, 2016-жылы АКШга 10 миңге жакын сириялык качкындар келген. Ал эми кошуна Канада калкынын саны АКШга салыштырмалуу 9 эсе аздыгына карабастан, 35 миң сириялык качкынды кабыл алган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.