Курс НБ на 18.09.2020 $78,9597 €93,1961

2016-жылы тышкы карыздарга 21 млрд 460 млн сом төлөнөт

Саясат
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
530
Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков 2016-жылы өлкө бюджетинде тышкы карыздарды тейлөөгө 21 млрд 460 млн сом каралгандыгын билдирди.
 Ал эми 2017-жылдын бюджетинде 20,1 млрд сом бөлүү болжолдонууда. Айтымында, бул суммалар бюджетке көп деле оорчулук келтирбейт.
Парламент депутаттары бүгүн “2017-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жана 2018-2019-жылдардын божомолдору” жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жабык режимде талкуулашат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.