Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

14 миңден ашык жаран салык декларациясын тапшырды

Саясат
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
433
Февраль айына карата 14 миңден ашык кыргызстандык жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар салык органдарына отчет берүүсү зарыл. Маалыматтарга караганда,  февраль айына карата 14 миң 209 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырган.  Анын ичинен  3 миң 313ү — юридикалык жак, 8 миң 547си — жеке ишкерлер жана 2 миң 349у — жеке жактар болуп саналат. Белгилүү болгондой, декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.